Москва шаарындагы тез тамактануучу жайлардын биринде кыргызстандык жумушчу менен мушташа кеткен россиялык теле алып баруучу Артур Цветков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.
“Кимдир бирөөгө бир нерсе жакпай жатса, Мекениңер силерди күтүп жатат. Силер эмне деп жаман айтсаңар айта бергиле, медалдын эки тарабы болот. Мен өз оюмдан кайтпайм”,- дейт Цветков.
Эске салсак, Москва шаарындагы тез татым жайлардын биринде иштеген кыргыз жараны менен MTV телеканалынын белгилүү алып баруучусу Артур Цветковдун ортосунда (Vj Archiе) чыр чыккан.
Цветков кыргызстандык жигиттин беткап тагынуу өтүнүчүн четке кагып, аброюна шек келтирип мушташууга аракет кылган. Жыйытыгында полиция чакырып, арыз жазган.