• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Лукашенконун ок өткөрбөс жилет кийип, автомат көтөргөн видеосу талкуу жаратты

24 Баш оона 2020 10:08 Бишкек Govori.TV

Беларусиянын президенти Александр Лукашенко өзүнүн резиденциясына автомат көтөрүп келди. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарап, учурда кызуу талкуу жаратууда.

Видеодон жерге конгон тик учактан Лукашенко түшүп, кийиминин үстүнөн ок өтпөс жилет кийип, колуна Калашников автоматын көтөрүп алган. Күзөт кызматы менен аскер адамдарынын курчоосунда резиденцияга бет алганын көрүүгө болот.

Эске салсак, 9-августта Беларуста президенттик шайлоо өткөн. БШКнын эсеби боюнча, өлкөнүн учурдагы башчысы Александр Лукашенко добуштардын 80,1 пайызына ээ болсо, экинчи орунду 10,12 пайыз менен Светлана Тихановская ээлеген. Шайлоодон кийин башталган нааразычылык акциялары бүгүнкү күнгө чейин басаңдай элек. 23-август күнү дагы Минск шаарында нааразычылык маршы өтүп, ага 100 миңден ашык адам катышкан.

Количество просмотров: 520