• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бекназаров элчи болоорун го болду, бирок эмне иш кылаарын билбейт…

11 Бирдин айы 2020 10:55 Бишкек Govori.TV

«Мен кыргызмын» аттуу китебинин бетачаарында Азимбек Бекназаров жаңы кызматы тууралуу да кеп козгоп, ушул аптада өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн Куала-Лумпурга кетээрин билдирди. Белгилей кетсек, Азимбек Бекназаров Кыргызстандын атынан Малайзияга ыйгарым укуктуу элчи болуп дайындалган эле.

Кызматка дайындалып жаткан учурда бир-эки ай ичинде малай тилин үйрөнүп, керек болсо жаттап алам деген элчинин оюу өзгөрдү. Анын айтымында, ал бара турган жердин тилин билүү зарыл эмес.

«Негизгиси өз тилимди билип турсам болду. Себеби мен кыргыз элинин өкүлүмүн, андыктар кыргыз салт-санаасын, үр-адатын билүүм керек», — деди Бекназаров.

Мындан тышкары, Бекназаров элчи инвестиция тартууга мажбур эмес, аны өкмөт аткарыш керек дейт.

Количество просмотров: 37