• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Масалиев активисттин суроосуна жооп берди

14 Бештин айы 2022 14:35 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев камактагы жарандык активист Атай Бейшенбектин суроосуна жооп берди.

Анын айтымында, депутат Адахан Мадумаров экөөнө кылмыш иши козголгон эмес.

«Атай Бейшенбектин айтканында негиз бар. Адахан Мадумаров экөөбүздү жыйынга чакырышкан. Жогорку Кеңештин депутаты катары бизге түшүндүрмө бергиле, кантип бекитилет, кантип кабылат алынат? деп. Анан пикир алмашканбыз. Менин деле пикирим ушундай. Туура эмес бердик, мыйзамды одоно түрдө буздук. Ал эми бизге кылмыш иши козголгон эмес. Себеби мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш ишин козгош үчүн эл өкүлдөрүнүн макулдугу керек»,-деди Масалиев.

Масалиев ошондой эле 30га жакын саясатчы, активисттерди бошотуу талабы менен президентке кат даярдап жатканын кошумчалады.

Эске салсак, 13-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад боюнча кармалган жарандык активист, блогер, саясатчылардын камакатагы мөөнөтүн узартты. Сот залына алынып келинген Атай Бейшенбек «башында биздин иште Мадумаров менен Масалиевдин ысымы бар болчу, азыр эмне үчүн жок болуп калды?» деген суроо салган.

Количество просмотров: 551