• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Мавлянова: Гүлзат Мамытбек менен Ассоль Молдокматованын китепке киргизүү туура эмес

24 Үчтүн айы 2019 15:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.01.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова кыргыздын башка залкар инсандары турган кезде Гүлзат Мамытбек менен Ассоль Молдакматованын аты китепке киргизилгени туура эмес деп эсептейт.

“Кыргыздын канча жылдык тарыхынан бери элге эмгеги сиңген, бүгүнкү биздин залкар инсандарыбыз бар. Ошолордун ысымдарын ушул кезге чейин колдонуп келе жаткан болсок, анда азыркы заманбап, замандаш патриот кыздарыбыздын атын окуу куралына киргизсек болот эле. Ошол залкар инсандардын атын колдонбой туруп, азыркылардын ысымы киргизилип жатканы туура эмес”,-дейт Мавлянова.

Кошумчалай кетсек, Гүлзат Мамытбектин аты ЖРТга даярдалган сынак китебинде жазылган.

Ал эми Ассоль Модокматованын өмүр баяны Кыргыз-Орус Славян университетинде кыргыз тил сабагында окутуулары белгилүү болгон.

Количество просмотров: 31