• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Милиция дайынсыз болуп жаткан 30 жаштагы жаранды тапты

9 Аяк оона 202014:00 Бишкек Govori.TV

4 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Кайрат Жумабек уулу табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-сентябрда ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жумабек уулу Кайраттын Бишкек шаарында жүргөндүгү аныкталып, жакындарына аман-эсен тапшырылган.

Эске салсак, Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылынын 30 жаштагы тургуну Кайрат  Жумабек уулу 4-сентябрь күнү саат 20:00дөр чамасында  үйүнөн “Тойота Камри” үлгүсүндөгү күмүш түстөгү автоунаасын айдап чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Количество просмотров: 218