• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев илдеттен айыгып, эртең жумушка чыгат

5 Баш оона 2020 12:21 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев илдеттен айыгып, эртең, 6-августта жумушка чыгат. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

«Нурболот Төлөшович Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында дарыланды. Эртеңден баштап жумушка чыгат», — деди Айнура Акматова.

Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус илдетин жуктуруп алып, дарыланып жатканы кабарланган болчу.

Количество просмотров: 94