• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Момбеков: Чек ара маселеси мамлекеттик саясатка эмес, мамилелик саясатка көз каранды

13 Үчтүн айы 2020 16:13 Бишкек Govori.TV

Чек ара маселеси мамлекеттик саясатка эмес, мамилелик саясатка көз каранды. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Govori.TV билдирди.

«Чек ара маселесиндеги чекиликтердин жаңы жылдан кийин кайрадан жаңырышы жакшылыктын жышааны эмес. Дегеним, азыркы Өкмөт чек арадагы маселени чече албашына мурун эле көзүм жеткен. Эки жылдан бери эки метр жер чечилген жок. Эми 14-январда дагы жолугушуу болот экен. Чек араны делимитация жана демаркация кылуу иши токтоп турат. Сентябрда чоң чыр чыккан. Ошондо өкмөт башчы Жогорку Кеңешке ынанымдуу келип «маселени кабыргасынан койдук, тажик тарап да макул болду. Эми иш башталат» деп айткан. Кана эми, иш башталганы? Чек ара маселесин чече албаганы үчүн өкмөттү кызматтан кетиргенге толук негиз бар. Ал эми вице-премьер министр Жеңиш Раззаков менен тажик тарап сүйлөшкүсү келбей жатат. Жергиликтүү эл дагы ишеним артпай жатат» -деди Момбеков.

Количество просмотров: 97