• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Россиялык теле алып баруучу кыргызстандык мигранттан кечирим сурады

13 Баш оона 2020 16:40 Бишкек Govori.TV

Россиялык теле алып баруучу Артур Цветков кыргызстандык мигранттан кечирим сурады. Бул тууралуу КТРКнын Орусиядагы кабарчысы Мирбек Молдакунов фейсбук баракчасына жазып, сүрөт видео жарыялады.

Маалыматка караганда, ал арызын артка кайтарып алууну убадалаган.

Буга чейин орусиялык теле алып баруучу экени айтылган Артур Цветков Москвадагы тез тамактануучу жайлардын биринде иштеген кыргыз жараны менен уруша кеткен.

11-августта Артур Цветков кызуу кандуулукка алдырып, кыргызстандык балага орой жооп берген. Андан кийин телеалпаруучу полиция кызматкерлерин чакырып, ага карата арыз жазган.

Окуядан кийин кыргызстандыктар соцтармактар аркылуу активдүү түрдө нааразычылыктарын билдирип, MTV-Россия каналынын расмий баракчасына дагы комментарий калтырышкан. Интернет колдонуучулар Артур Цветковду жумуштан кетирүүнү талап кылышкан. Алардын катарында, ырчы Самат Дөөлөтбаков, Ассоль Молдокматова дагы бар.

Количество просмотров: 1314