Үчүнчү күндөн бери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан жеке үйдөн таштанды чыгарууну улантууда. Бул тууралуу “Тазалыктын” басма сөз катчысы Жибек Каракеева билдирди.
Анын айтымында, шаар тургуну таштандыларды 10 жылдан бери чогултуп келген.
«Кошуналар адам чыдагыс сасык жытка чыдабай калышканын айтып арызданышты. Жалпысынан үч күн ичинде 8 жүк ташуучу унаа менен таштанды чыгарылды. Короосу дээрлик тазаланып бүттү, эми үйүнүн ичин тазалоо керек»,-деп билдирди Каракеева.