Бүгүн, 29-октябрда Бишкек шаардык сотунда Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралып, Асановго карата биринчи инстанциядан чыгарылган чечим күчүндө калтырылды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Курсан Асанов 2020-жылдын 10-октябрында жазык кодексинин 264-беренеси («массалык баш аламандыкты уюштуруу») менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.
Эске салсак, 12-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту генерал Курсан Асановду 5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык баш аламандыктарды уюштурууга катышкан деген шек менен 2 айга, 10-декабрга чейин УКМКнын абагына камакка алган.