Ишкер Сыргак Кенжебаев кайрадан абакка отургузулду. Бул тууралуу анын жубайы Ширин Айтматова «Твиттердеги» баракчасына жазды.
Кенжебаев абактан 6-октябрга караган түнү бошонуп чыккан. Ошол түнү 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг бийликтин башкы имаратын басып алуу менен аяктап, камакта отурган бир топ саясатчылар бошонгон. Алардын дээрлик баары кайра кайтарылды.
Кенжебаевди 2019-жылы 19-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Алматы аэропортунан кармап, Кыргызстанга алып келген.