КАЙРАДАН ШАЙЛОО
Кемпир-Абад иши боюнча камакта олтургандардын бири, жарандык активист Илгиз Шаменов Жогорку Кеңешке Ленин районунун бир мандаттуу №26 шайлоо округунан талапкерлигин көрсөтө турганын айтты. Бул тууралуу Шаменовдун фейсбук баракчасыда жарыяланды.
Кайрылуусунда ал, «Азыр болсо элимдин жана жараткандын колдоосу менен, Кудай деп шайлоого түрмөдөн аттандым. Себеби бирөө гана, чындык-адилеттүүлүк үчүн күрөшүү», — деп жазган.
Эскерте кетсек, ЖК депутаты Жаныбек Абиров кафедеги мушташтан улам депутаттык мандатын өз аразы менен тапшырып берген. Ал шайланып келген №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалган.
Учурда талапкерлерди каттоо журуп жатат. БШКнын маалыматына ылайык, шайлоого катыша турган талапкерлердин саны төрткө жетти.
МОСКВА КӨЧӨСҮНҮН БИР БӨЛҮГҮ ЖАБЫЛАТ
Бишкектеги Москва көчөсүнүн бир бөлүгү 5-апрелден тарта жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул чаралар канализациялык коллектордун курулушуна байланыштуу кабыл алынган. Москва көчөсүнүн Фучик көчөсүнөн Асаналиев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.
Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарынан каттамдарын алдын ала пландап алуусун суранат.
ОКУУЧУЛАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫ
Бүгүн, 4-апрелде мектеп окуучуларынын Улуттук олимпиадасынын IV (республикалык) этабы өтүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Быйыл үчүнчү жылы өтүп жаткан олимпиадага беш предметтен 144 окуучу катышууда.
Математика, химия, биология, информатика боюнча олимпиада “Ала-Тоо” эл аралык университетинин базасында, физика боюнча олимпиада Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтүүдө. Олимпиаданын жүрүшүнө көз карандысыз байкоочулар көз салып, түз эфирде көрсөтүлүүдө.
Олимпиада жыл сайын төрт баскычта өтүп, I, II этап онлайн, III, IV этап офлайн түрүндө болот.