Мамбетов: Саймаити башка адамдын паспорту менен келип жаңы паспорт алган
Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон Кытай жараны Айеркен Саимаити колдонуп жүргөн жасалма ID карта менен чет элдик паспортто 1982-жылы туулган Самятов Эркин Салимович деп жазылган. Бул тууралуу Мамлекеттик катоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов билдирди.
Анын айтымында, Саимаитини өлтүрүүгө шектүү катары Түркияда кармалган үч адам кыргыз жараны экени тууралуу фактылар жок. “Алардын ысымдары менен текшердик, биздин базадан чыккан жок”,-деди ал.
Мамбетов кошумчалагандай Саимаити башка адамдын атынан паспортту Сузактан алган.
Айеркен Саимаитиге жасалма кыргыз паспортун жаздырып берүү фактысына байланыштуу сотко чейинки өндүрүш быйыл июль айында башталып, Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып тагылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, иш сотко өткөрүлүп берилген жана Саимаитинин өзүнө карата да тергөө иштери жүрүп жаткан.
ИИМ билдиргендей, 2017-жылы министрликтин Тергөө бөлүмү Саимаитини айыпталуучу катары жоопко тартуу жөнүндө токтом чыгарып, эл аралык издөө жарыялаган.
Абылгазиев: Түзөтүү мекемелерин Бишкектин чет жакасына чыгаруу керек
Түзөтүү мекемелеринин баардыгын Бишкектин чет жакасына чыгаруу керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.
Анын берген маалыматына ылайык, 2020-жылы тергөө абактарын жана түрмөлөрдү шаардын сыртына көчүрүү боюнча иштер башталат.«2020-жылдын бюджетинде бул максат үчүн каражат каралды. Депутаттар биздин демилгени колдойт деп үмүттөнөбүз. Муну жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн жасаш керек. Сунушту даярдап жаткан атайын жумушчу топ түзүлдү», — деп кошумчалады Мухаммедкалый Абылгазиев.
Кыргызстандагы колонияларда 9 миң 902 соттолуучу жаза мөөнөтүн өтөп жатат, анын ичинен тергөө изоляторлорунда 1 миң 632 адам, жатак колониясында 2 миң 31 соттолуучу.
Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев билдирди.
Илмияновдун мүлктөрүнүн жарымы камактан чыгарылды
30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту И.Илмияновду 7 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялап, 160 миң сом айып салган.
Илмиянов алдамчылыкка айыпталган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал «БелАЗ» үлгүсүндөгү 12 даана унаасы камакка алынган белоруссиялык «Дизель комплект» компаниясына 150 миң доллар суммадагы каражатка жардам көрсөткөн. Бул компаниянын жетекчиси — Беларусь Республикасынын жараны Николай Грамович.
Жабырлануучу Грамовичтин пайдасына Илмияновдон 10 млн 397 миң 235 сом өндүрүлөт.
Өкүмгө ылайык, Илмиянов жана анын туугандарынын мүлктөрүнүн жарымы камактан чыгарылды.