АСКЕРГЕ ЧАКЫРУУ БАШТАЛДЫ
Кыргызстанда үстүбүздөгү жылы 1-марттан тартып жарандарды мөөнөттүк жана альтернативдик жазгы аскерге чакыруу башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Чакыруу башкармалыгынын башчысы Сардарбек Каипов билдирди.
Анын айтымында, 10-марттан баштап жарандар аскерге жөнөтүлө баштайт жана өнөктүк 12-майга чейин уланмакчы. Бул аралыкта 2 миңге чукул жаран аскерге чакырылат.
Ал белгилегендей, аскерге чакырылуучулар Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Юстиция министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Жазаларды аткаруу кызматынын кошуундарында жана бөлүктөрүндө кызмат өтөшөт.
ИМАРАТ ТҮРТТҮРҮЛДҮ
Бишкектин Дэн Сяопин проспектиси менен П.Лумумба көчөсүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз курулган эки кабаттуу имарат түрттүрүлүүдө.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин муниципалдык жерге мыйзамсыз имаратын куруп алган Б.А. аттуу жаранга карата доо арызы Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2022-жылдын 26-сентябрындагы чечими менен канааттандырылды.
Сот департаменттин доо арыздарын канааттандырып, жалпы аянты 326,7 чарчы метр болгон эки кабаттуу имаратты бузуу чечимин кабыл алган. Түрттүрүү иштери улантылууда.
МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛУГУНА СЫНАК
Билим берүү жана илим министрлиги 222 мектеп директорунун ордуна сынак жарыялады.
Бишкек шаарында 7 мектеп директорунун орду бош, Чүй облусунда – 33, Ош облусунда – 69, Ысык-көл облусунда – 8, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 7, Баткен облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 67.
Документтерди кабыл алуунун мөөнөтү жана сынакты өткөрүү графиги жакынкы күндөрү белгилүү болот.