• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Атамбаев тарапташтарын абактан чыгарууну айтты. Мыйзамсыз ташылган 5 млн сомдук товар кармалды

11 Жетинин айы 2020 13:59 Бишкек Govori.TV

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 11-ноябрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы үч кишинин өмүрүн алды. Бир күндө дагы 400 кишиден жаңы аныкталды.

Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 64 360 адамды түздү. Анын 55 306сы сакайганы айтылды. Бир күндө 532 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1188 кишиге жетти.

АТАМБАЕВ ТАРАПТАШТАРЫН БОШОТУУНУ СУРАНДЫ

Кой-Таш окуясы боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда отурум башталып, ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алып келинди. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева жазган

Жолдубаеванын айтымында Атамбаев соттук отурумда сөз сүйлөп, абакта олтурган Сагымбаев менен Ниязовду бошотууну айткан.

“Чындык эртели кеч жеңет. Усөнбек Ниязовду ким өлтүргөнү чыгат. Ошол эле качып кеткен Опумбаев, Джунушалиевдин сөздөрү чыгат. Мен отура берем. Жанымдагы Канат Сагымбаев менен Фарид Ниязовду кое берип койгула. Чындыкка мен дагы кызыктармын Кой-Таш окуясы боюнча дагы, Батукаев иши боюнча дагы. Балдар мени сатпаганы үчүн отурушат”, – деген ал.

Буга чейин Атамбаевдин жактоочусу бронхит илдетине кабылган мурдагы өлкө башчынын абалы жакшы болуп калганын, бирок дарылануусун улантып жатканын айткан.

Эске салсак, мурдагы президент кримтөбөл атыккан Азиз Батукаевди абактан бошоткон деген айып менен 11 жылга кесилген. Ал, мындан тышкары, 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча айыптуу катары саналууда.

МЫЙЗАМСЫЗ ТАШЫЛГАН ЖҮК КАРМАЛДЫ

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз ташылып келе жаткан дээрлик 5 млн сомдук товар кармалды.

Маалыматка ылайык, “Баткен” бажысынын кызматкерлери “Кызыл-Кыя” алдын ала бажы процедураларын өткөрүү жайында Кыргызстандын жараны айдап келе жаткан “Вольво” унаасы токтотулган. Унаанын жүк салынган бөлүгүн текшерүү учурунда декларацияланбаган товарлар аныкталган – турмуш-тиричилик техникасы, ич кийимдер жана азык-түлүктөр.

Мыйзамсыз ташылып келген товардын баасы 4 млн 740,3 миң сомду түзгөн.

Количество просмотров: 65