ТҮРКИЯДАГЫ ЗИЛЗАЛАДА КЫРГЫЗ АЯЛ ЖАБЫРКАДЫ
Түркияда жер титирөөдөн улам каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан бидиришти.
Тышкы иштер министрлиги Түркиядагы жер титирөөнүн жыйынтыгында каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок экенин билдирет. Адана шаарында 1984-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны жабыр тарткан, ага ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бул жарандын абалы канааттандырарлык; учурда ал ооруканадан чыгарылды.
Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаарлар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен. Акыркы маалыматтарга ылайык, Түркиядагы зилзаланын кесепетинен каза болгондордун саны 3 миңге жакындап, 16 миңге чукул адам жабыркаган.
УЛУТТУК БАНК ДОЛЛАР САТТЫ
Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногуна 47,1 млн АКШ долларын сатты. Бул тууралуу Улуттук банкттын сайтында маалымдалат.
Америка валютасын сатуудагы баасы 86,25 — 86,77 сомду түздү. Бул регулятордун быйылкы жылдын башынан берки экинчи интервенциясы: 10-январда Улуттук банк валюта рыногуна 104 млн 250 миң доллар саткан.
Эскерте кетсек, өткөн жылы Улуттук банк 15 жолу интервенция жасаган. Анын ичинен сегизи 486,5 млн долларга чет элдик валютаны сатуу жана жети интервенция 190,74 млн долларды сатып алуу боюнча болгон.
БАҢГИЗАТ ДАЯРДАЛГАН ЛАБОРАТОРИЯ ТАБЫЛДЫ
УКМК Бишкек шаарынын аймагында синтетикалык баңгизаттарды даярдоо жана сатуу боюнча лабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт койгонун кабарлады. Козголгон кылмыш ишинин алкагында 4-февралда баңги топтун мүчөлөрү, чет элдик жарандар кармалган.
Тинтүү учурунда марихуана, “мефедрон” синтетикалык баңги затын жасоо үчүн прекурсорлор жана ошондой эле тийиштүү приборлор жана аларды даярдоо боюнча нускамалар табылып алынган.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет элдик жаран күнөөсүн мойнуна алып, баңгизат боюнча лабораторияны түзүү аракетин тастыктады. Андан соң ал УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда УКМК тарабынан аталган баңги каналынын башка катышуучуларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары уланууда.