• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар. Беткаптар паспорт менен сатылат. Эл каттоо бир айга жылдырылды

19 Жалган куран 2020 13:10 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС. ПРЕЗИДЕНТ МААЛЫМАТ АЛДЫ

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана парламенттин фракция жетекчилери менен өлкө аймагында коронавирус аныкталганына байланыштуу абалды талкуулады. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды.

Мамлекет башчы Жээнбеков оорунун жайылышына жол бербөө үчүн аракет жасалып жатканын, Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал режиминде республикалык штабдар иштеп жатканын белгиледи. Президент дарыгерлер менен өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылып жаткандарды колдоого чакырды.

“Республикалык штабдардын ишин сынга алуу жана акыл-насаат айтуу баарынан жеңил. Бирок азыр эксперттик пикирлерди айтып, өзгөчөлөнүү менен алектенүүнүн маалы эмес. Биз баарыбыз элибизге иш жүзүндө реалдуу жардам беришибиз зарыл. Тиешелүү мамлекеттик органдар экономикалык чөйрөдө кырдаалдан пайдаланып, бааны көтөрүү менен байып кетүүнү көздөгөн чайкоочуларга бөгөт коюу боюнча жигердүү чараларды көрүштү. Эми эң башкысы, саясий чайкоочулукка жол бербөөгө чакырам», – деди президент.

Жолугушууда калкты жана турак жай фондун каттоо бир айга жылдырып, 20-апрелинен 29-апрелине чейин өтөрү айтылды. Төрага Дастан Жумабеков, фракция лидерлери мамлекет башчысынын коронавируска байланыштуу кайрылуусун колдой турганын билдиришти.

МАСКАЛАР ПАСПОРТ МЕНЕН САТЫЛАТ

Жарандарга 3 даана беткап паспорт аркылуу берилип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, 17-18-мартта өлкө боюнча 630 миң беткаптар таратылып, баасына 10 сомдук чек коюлган.

“Бүгүнкү күндө беткаптарды тигүү боюнча өндүрүш иштеп жатат. Алсак, Ош шаарында дагы бир компания көп жолку колдонуучу беткаптарды чыгаруу боюнча иш жүргүзүүдө. Алар беткап менен башка аймактарды дагы камсыздашат” , – деди министр.

ЭЛ КАТТОО БИР АЙГА ЖЫЛДЫ

Калкты жана турак жай фондун каттоо бир айга жылдырылды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана парламенттик фракциялардын лидерлери менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Маалым болгондой каттоо бир айга кеч, тагыраак айтканда, 2020-жылдын 23-апрелинен 1-майына чейин өтөт.

Буга чейин Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун каттоо 23-марттан 1-апрелге чейин өтөрү маалымдалган болчу.

Количество просмотров: 88