• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Бир туугандар ажатканага түшүп кетип каза болду. Чек ара чырында жабыркаган аскер комадан чыкты

30 Аяк оона 201914:32 Бишкек Govori.TV

ЧҮЙДӨ ЭКИ БИР ТУУГАН АЖАТКАНАГА ТҮШҮП КЕТИП КАЗА БОЛДУ

Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында эки бир тууган ажатканага түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя 28-сентябрь күнү болгон. Анда 13 жана 7 жашта окуучу балдар дааратканага түшүп кетишкен.
“28-сентябрь күнү Военно-Антоновка айылында турак үйлөрдүн биринен эки жаш бала ажатканага түшүп кетти деген маалымат келип түшкөн. Жерине ӨКМдан 4 куткаруучу тартылып, маркумдардын жансыз денелерин чыгарып, туугандарына өткөрүп берилди”,-деп айтылат маалыматта.

ЖАҢЖАЛДА ЖАРАДАР БОЛГОН ЧЕК АРАЧЫ КОМАДАН ЧЫКТЫ

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жарадар болгон чек арачы комадан чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
«Аскер кызматкери эсине келди, ал өз алдынча тамактана баштады. Абалы орто оордукта. Улуттук госпиталда дагы 2 чек арачы дарыланууда, алардын абалы канааттандыраарлык», -деп билдиришти министрликтен.
Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарыланып жаткан 5 чек арачы Аскердик госпиталга которулган. «Аталган борбордо бир жабырлануучу дарыланууда. Калгандары үйлөрүнө чыгарылды», -деп айтылат маалыматта.
16-ноябрда Максат айылында ок атышуу болгон. Анда кыргыз тараптан 1 аскер кызматкери каза таап, 13 киши жаракат алышкан. Алардын арасында өспүрүм дагы бар. Тажикстандын бийлиги 12 тажик жараны жабыркап, 3 киши каза болгонун айтышууда. 17-сентябрда Кыргызстандын ТИМи Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине нааразычылык нота билдирген.

АЙДАРБЕКОВ АМЕРИКАДА ЖАШАГАН МЕКЕНДЕШТЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Кечээ, 29-сентябрда Вашингтон шаарына болгон иш сапарынын алкагында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Америкада жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министр чогулган мекендештерге чет өлкөдөгү кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо боюнча өлкө жетекчилиги, өкмөт, Тышкы иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле өлкөнүн өнүгүүсүнүн приоритеттүү багыттары жана мамлекеттик реформалары тууралуу маалымдады.
Жолугушууда пикир алышуу болуп, жарандарды кызыктырган маселелер талкууланды. Атап айтканда, кош жарандуулук, визанын талаптарын жеңилдетүү, Америкада билим алуу жана жумушка орношуу маселелери көтөрүлдү.
Жолугушуунун соңунда Кыргызстандын Америкадагы элчилигинде Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгын белгилөөгө арналган салтанаттуу сый тамак жана аталган министрликтин түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө уюштурулду.

Количество просмотров: 163