• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкектен учкан учак Иранда кулап калды. Исаков камакта калтырылды

14 Үчтүн айы 2019 17:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.01.2019.Govori.TV.

Соттон маркум Эгизбаевге чакыруу жөнөткөндөргө чара көрүлөт

Белгилүү журналист, маркум Уланбек Эгизбаевдин атына соттон чакыруу жиберген кызматкерге тартиптик чара көрүлөт. Бул тууралуу «Азаттык” жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Жергиликтүү сотторунун аппараты тууралуу жобого ылайык сот отурумуна тараптарды камсыз кылуу катчыга жүктөлөрү жана Эгизбаевге чакыруу жиберген катчынын тажрыйбасы аз экени, ал ката кетиргени белгиленет. “Азаттык” радиосунун иликтөөчү журналисти, 2018-жылы көз жумган Уланбек Эгизбаев көзү тирүүсүндө даярдаган «Көрүстөндөгү коррупция» иликтөөсүндө ачыкка чыккан жагдайлар тууралуу козголгон кылмыш иштери алдыга жыла элек. Түштүк-батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасов жана бригадир Алихан Алиев Уланбек Эгизбаевге, «Азаттык» радиосун жана иликтөөгө катышкан Түштүк-батыш көрүстөнүнүн мурдагы жетекчиси Самат Сулаймановду, мүрзө казгыч Максат Баялиевди «кадыр-баркыбызга доо кетирди» деп сотко берген. Эгизбаев көз жумгандан соң алар маркумга карата доо арыздарынан баш тартышкан. Бирок «Азаттыктын» кеңсесине 9-январда Ленин райондук сотунан маркум Эгизбаевдин атына чакыруу келген.

Сапар Исаковду 13-февралга чейин камакта калды

ИСАКОВ 13-ФЕВЛАРГА ЧЕЙИН КАМАКТА КАЛДЫ

Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтүн 13-февралына чейин узартуу тууралуу Биринчи май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Отурум 14-январда жабык өткөнүн Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын басма сөз кызматы билдирди. Исаков бул партиянын көрүнүктүү мүчөлөрүнүн бири. Исаковду камакта кармоо мөөнөтүн узартуу тууралуу өтүнүчтү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүлөрү берген. Муну алар Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоо боюнча курулуш-техникалык экспертиза даяр эмес болуп жатканы менен негиздешкен.

Бишкектен учкан «Boeing 707» учагы Иранда кулап калды

БИШКЕКТЕН УЧКАН “BOEING 707” УЧАГЫ ИРАНДА КУЛАП КАЛДЫ

Бишкектен учуп чыккан жүк ташуучу учак Ирандын баш калаасы Тегерандын чет-жакасында кырсыктап, 10 адам каза болду. Иран тарап бул учак Кыргызстандан эт ташып баратканын маалымдады. «Манас» аэропорту чартердик каттам жүргүзгөн учак ирандык авиакомпанияга таандык экенин билдирди. «Учак конуу тилкесинен чыгып кеткен жана тилкенин аягындагы дубалга урунганда өрт чыккан», — деп айтылат билдирүүдө. Телеканалдар учак кыйраган аймакты коюу түтүн каптап, куткаруучулар иштеп жатканын көрсөтүүдө. Белгилүү болгондой учакта кыргызстандык жарандар болгон эмес.

Количество просмотров: 13