• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Боронов комитеттеги кызматынан бошотулду. Жол кырсыгынан 4 киши көз жумду

12 Бирдин айы 2020 13:01 Бишкек Govori.TV

БИШКЕКТЕ ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 4 КИШИ КӨЗ ЖУМДУ
Бишкек шаарына жакын жайгашкан Новопавловка айыл өкмөтүнүн Ак-Ордо конушунда эки унаа бет маӊдай кагышкан. Окуя конуштун Гагарин көчөсүндө кечээ, 11-февралда кечки саат 22:00-23:00 чамасында болгон.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Кайгуул милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 11-февралда болжол менен саат 22:00 чамасында 1989-жылы туулган К.О. өзүнүн «Ниссан Примера» үлгүсүндөгү унаасы менен Гагарин көчөсү менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып Урмат көчөсүнүн кесилишинен өткөндөн кийин карама каршы багытта келе жаткан «БМВ 523» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.
«БМВ» унаасынын айдоочусу — 2001 жылы туулган М.Т. болгон. Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерден 4 киши каза болду. 2 жабырлануучу ооруканада», – деп билдиришти милициядан.
Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.


БОРОНОВ КОМИТЕТТЕГИ КЫЗМАТЫНАН БОШОТУЛДУ
Өнөр жай жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча комитеттин төрага орун басары болуп Кубатбек Бороновдун ордуна вице-премьер Эркин Асрандиев дайындалды. Бул тууралуу комитеттин экинчи жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Эскерте кетсек, комитеттин төрагасы — өлкө башчы. Анын эки орун басары бар. Бири мамлекеттик органдан болсо, экинчиси бизнес өкүлү.
«Жарлыгыма ылайык, төраганын орун басары болуп вице-премьер Эркин Асрандиев дайындалды. Ага чейин бул кызматты Кубатбек Боронов ээлеп келген», — деди президент.
Жээнбековдун айтымында, бизнес-акыйкатчы институтунун түзүлүшү менен Робин Орд-Смит да комитетке кирген.
Айта кетчү жагдай, Асрандиев өткөн жумада экономика тармагын тескей турган вице-премьер болуп дайындалган.


ФИНПОЛДУН МУРУНКУ КЫЗМАТКЕРИ КАРМАЛДЫ
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товарларды салык төлөмдөрүн төлөбөй алып келүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул схеманы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын (Каржы полициясы) кызматкерлери уюштурганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
2017-2018-жылдары аталган кызматтын Ысык-Ата жана Аламүдүн районундагы бөлүмүнүн кызматкери кызыкдар тараптар менен көмүскө бүтүмгө келип, Кыргызстанга ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн 127 млн сомго товар импорттоону уюштурган. Муну менен катар мамлекетке салык төлөнбөй, 15 млн сом чыгым келтирилген. Мындан тышкары аталган кызматкер Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган «БМВ-Х5» үлгүсүндөгү унааны колдонгону аныкталды.
«Ведомствонун жетекчилиги тарабынан 2018-жылы ноябрь айында К.С.А. кызматынан четтетилип, бул ишке тиешеси бар адамдарга карата сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында К.С.А.га Жазык кодексиндеги 319-берене (коррупция) боюнча айып тагылып, 6-февралда Октябрь райондук сотунун чечими менен УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 2 айга камалды», – деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 2012