Исаков менен Карыбаеванын адвокаттары шаардык сотко кайрылышат
Райондук сот 9-июнда Сапар Исаковду Кылмыш кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) менен, 18 жылга эркинен ажыратты жана 247 миллион 650 миң 281 сом айыппул салды. Ал эми Мира Карыбаева 320-берененин (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыппул салынды. Исаков менен Карыбаеванын адвокаттары биринчи май райондук сотунун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылышаарын жактоочу Бакытбек Автандил уулу билдирди.
Президент 2010-жылдагы июнь окуясында каза болгондору эскерди
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков июнь окуясынын 10 жылдыгына карата каза болгондору эскерип, «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексине гүл койду. Андан соң каза болгондорго багышталып куран окулду. Ошол күндөрү болгон трагедиянын, эл башына түшкөн кайгы-муңдун издери дале болсо өчө электигин белгилеп, «Энелердин төгүлгөн көз жашы, сыздаган ыйы, аталардын арманы унутула элек, жана шейит болгон мекендештерибиздин элеси баарыбыздын жүрөгүбүздө»—деп айтты Жээнбеков.
Дастан Догоевдин ордуна ким келмей болду?
Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин башчысы Дастан Догоев кызматынан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазды. Буга чейин Догоев Гарвард университетине окууга өткөнү айтылган. Азырынча буйрукка кол коюла элек. Ал бул кызматка 2019-жылдын 30-майында дайындалган болчу. Ал эми айрым маалымат булактарында Догоевдин ордуна талапкер болуп аталган комитеттин буга чейинки төрагасы Бакыт Шаршембиев сунушталып жатканы тууралуу маалыматтар айтылды.
Коронавирустун мизи мокой элек
10-июнга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган жаӊы 38 учур катталса, алардын алтоо медицина кызматкери экени айтылды. Ал эми каза тапкандардын саны 2 адамды тузду. Жалал-Абад облустук ооруканасынан 72 жаштагы аял киши жана Панфилов Жалпы дарыгерлер практикалык борборунан 70 жаштагы эркек киши каза болгон.