• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. «Мамлекеттик өнүктүрүү банкына» жаңы жетекчи дайындалды

19 Чын куран 202314:00 Бишкек Govori.TV

ЖЕР МЫЙЗАМДАРЫН БУЗУУЛАР АНЫКТАЛДЫ

16 ишмердик жүргүзүүчү субъекттер тарабынан жер мыйзамдарын одоно бузуу менен Кадамжайдагы “Анкурсай” сел жүрүп кетчү кооптуу жерге соода объектилерин өзүм билемдик менен курган фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Бул факты боюнча 2023-жылдын 14-апрелинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренесинин 1-бөлүмү (Өзүм билемдик) менен кылмыш иши козголгон.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

САРБАНОВ  “МАМЛЕКЕТТИК ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫН” ЖЕТЕКТЕЙТ

«Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКын Улан Сарбанов жетектейт. Мындай чечим Мамлекеттик банктын директорлор кеңеши тарабынан 19-апрелде кабыл алынган.

Банктын негизги максаты: чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн насыя берүү. Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жалпы капиталы 2 миллиард сомду түзөт.

Банктын башкармалыгын буга чейин Евгения Судец жетектеген.

Улан Сарбанов 2000-2006-жылдары Улуттук банктын төрагасы болгон. 2021-жылдын октябрынан бери Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп иштеп жаткан.

ӨКМ ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ ТАРАТТЫ

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына ылайык, 19-апрелден 20-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Маалыматка ылайык, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86-чакырымдарында жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымында кооптуу аймактар болууда.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 103