• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Мамкаттоонун жетекчиси журналисттер менен соттошот. Асановдун үй камагындагы мөөнөтү узартылды

19 Бештин айы 2019 14:58 Бишкек Govori.TV

МАМКАТООНУН ЖЕТЕКЧИСИ ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН СОТТОШОТ

Каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов «Кактус» сайтынын журналисттерин сотко берет. Бул тууралуу ал маалымат жыйында айтты. Белгилей кетсек, соцтармакта Каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетовго окшош киши Бишкекте жасалма номурлуу (578 ACD) унаа менен жүргөн сүрөтү жарыяланган. Соцтармактын колдонуучулары рулда Алмаз Мамбетов, жанындагы айым анын орун басары экенин айтышкан. Бирок аткаминер муну четке каккан.
«Мындай жаңылыктарды таратуудан мурда, мага жана менин орун басарымдын жанына келип жүзүбүздү көрүшсө болмок. Биз албетте, «Кактус» менен соттошобуз. Азыр башка маалымат агенттиктерин иликтеп жатабыз. », — деди Алмаз Мамбетов.
Эске салсак, 10-декабрда милиция жалган номурлуу унааны башкарып жүргөн кишини аныкташкан. Бирок ал «Коопсуз шаардын» камерасында тартылып калган айдоочуга окшош эмес экени айтылууда.


КУРСАН АСАНОВ ҮЙ КАМАГЫНДА КАЛДЫ

Биринчи май райондук соту ИИМ башчысынын мурунку орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы тууралуу маселени карады.
Маалыматка ылайык, Курсан Асанов 23-февралга чейин үй камагында калтырылды. Эске салсак, 13-августта премьер-министрдин буйрутмасы менен ички иштер министрлигинин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулган. «ИИМдин ички иликтөө кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, Алмазбек Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген.


АБЫЛГАЗИЕВ ТҮШТҮККӨ БАРАТ

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапарынын алкагында Ош жана Жалал-Абад облустарына барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдирди. Маалыматка ылайык, Өкмөт башчы эки күндүн ичинде бир катар социалдык мекемелердин ачылыш аземине катышып, инфраструктуралык жана өндүрүш объектилеринин курулушу менен таанышат. Ошондой эле Абылгазиев жергиликтүү эл менен жолугушуп, аймактагы өтө маанилүү маселелерди талкуулашы күтүлүүдө.

Количество просмотров: 60