БҮГҮН АК КАЛПАК КҮНҮ
Бүгүн, 5-март Кыргызстанда Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленет. Бул күнү өлкөнүн бардык аймактарында Ак калпакты даңазалаган ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлөт.
Эскерте кетсек, ак калпак күнүн белгилөө идеясы 2011-жылдын февраль айында кинорежиссер Рысбек Жабиров тарабынан коомчулукка сунушталган. Демилге эл тарабынан колдоого алынып, бир нече жылдан бери Кыргызстандын булуң-бурчтарында жана чет өлкөдө жашаган кыргыздар тарабынан белгиленип келе жатат.
Калпак – бул эркектердин салттуу баш кийимдеринин ичинен башкысы болуп саналат. Көптөгөн кылымдар бою кыргыз эли баш кийимди ыйык санап келет. Манас бабанын мезгилинен бери анын формасы өзгөргөн эмес жана көп кырдуу мааниге ээ болуп, Ала-Тоонун ак карлуу чокуларын, кыргыз элинин жан дүйнөсүнүн аруулугун жана кооздугун чагылдырып турат.
ЖК КЫЗМАТКЕРЛЕРИН ЖУЛМАЛАГАН АЯЛ КАРМАЛДЫ
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, 2-мартта митингдин соңунда аялдардын тобу Ак үйгө барып, парламент кызматкерлерине асылган иш боюнча Жазык кодексинин 264-беренеси («Массалык баш-аламандык») менен сотко чейинки өндүрүш башталган.
4-март күнү бул фактыда айтылгандай, маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп Жогорку Кеңештин кызматкерлерине жана башка жарандарга кол салган аялдын аты-жөнү аныкталды. 47 жаштагы Ч.Н. аттуу жаран 4-мартта Бишкек ШИИББге жеткирилди.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Басма сөз кызматы билдиргендей, тергөөдө жыйналган маалыматтарга жараша берене алмашуусу ыктымал.
2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда чогулгандар менен милиция кагылышкан. Милиция митингдин катышуучуларын күч менен таратып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда таш ыргытылып, көчө боюндагы бир катар автоунаалар, имараттар жабыркаган.
Бул фактыны Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 264-беренесинин («Массалык башаламандык») негизинде каттап, сотко чейинки өндүрүш башталды. Анын алкагында милиция буга чейин төрт жаранды камакка алган.
КОРОНАВИРУС БИР КҮНДҮ 2 МИҢДЕН АШЫК АДАМГА ЖУКТУ
Дүйнөдө коронавирусту бир күндө 2 миң 223 адам жуктурду. Алардын 120сы Кытайда катталган. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирет.
Маалыматка ылайык, дүйнөдө аталган илдетти 93 миң 90 жаран жуктурган. Алардын 80 миң 422си Кытайда байкалган. Кытайда коронавирустан 2 миң 984 адам көз жумган, дүйнөдө 214ү каза болгон.
2019-жылдын декабрь айында коронавирустун жаңы түрү Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон. Кытайдан тышкары аталган дартты жуктурган учур Түштүк Корея, Иран, Италия жана Японияда аныкталган.