• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Профсоюздар үйүндө кайрадан чыр. Окуу жайларды бир айга жабуу сунушталууда

12 Жалган куран 2020 14:02 Бишкек Govori.TV

ОКУУ ЖАЙЛАРДЫ БИР АЙГА ЖАБУУ СУНУШТАЛДЫ
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов мектептерди жана бардык окуу жайларын бар айга жаба туруу зарыл деп эсептейт. Мындай сунушун ал 12-мартта парламенттин жалпы жыйынында айтты.
Депутаттын пикиринде, мындай чара коронавирусту алдын алууга жардам берет:
“Жалпы билим берүү системасын, мектептерди, жогорку окуу жайларын бир айга – 15-марттан 15-апрелге чейин жабууну сунуштайт элем. Ушул аралыкта окубай калган программага жетиш үчүн июнь айына чейин узартып койсо болот эле”.
Соңку маалымат боюнча, Кытайдан чыккан коронавирус дүйнөнүн 110дон ашуун өлкөсүнө тарап, дээрлик 118 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 4200дөн ашуун адам каза болду, 63 миңдейи айыгып чыкты.
Кыргызстанда бул илдет катталган жок.


ЧЕТ ЖАКТАН КЕЛГЕНИН ЖАШЫРГАНДАР ЖАЗАЛАНАТ
Эпидемиологиялык кырдаал курч өлкөлөрдөн жашырынып келген жарандар жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова АКШ өкмөтүнүн жугуштуу оорудан сактануу каражаттарын кабыл алуу иш-чарасынан соң билдирди.
Вице-премьер-министрдин маалыматына караганда, эпидемиологиялык кырдаал курчуп турган өлкөлөрдөн келип, бирок анысын жашырып кирип кеткен жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
«Туура эмес маалымат берип, Италиядан Орусия же Казакстан аркылуу келип, бирок анысын жашырып, ички паспорт менен өлкөгө кирип кеткен жарандар катталган. Андай фактылар билинип калган учурда алар оңой эле табылат жана карантинге жаткырылат. Эгер адамдар билип туруп, атайын ошондой кадамга барса, Кылмыш кодексинин 280-беренесине («Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу») ылайык жоопкерчиликке тартылат», — дейт Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова жарандарды эң ириде өз өмүрүнө, андан кийин жакындарынын жана башкалардын өмүрүнө жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.


ПРОФСОЮЗДАР ҮЙҮНДӨ УРУШ ЧЫКТЫ
Профсоюздар үйүндө бүгүн, 12 мартта Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакунов менен белгисиз жигиттер арасында уруш чыкты.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, Асанакуновду иш бөлмөсүнө киргизбей коюшкан. Алар өздөрүн жеке көзөтчүнүн кызматкерлери деп тааныштырып, төраганы иш бөлмөгө киргизбөө буйругун аткарып жатканын билдиришкен. Окуя болгон жерге милицияны чакырышкан. Бирок күзөтчүлөр тараптарды бөлүштүрүүгө келген укук коргоо органдарын киргизбей коюшкан.
Учурда урушка катышкан бардык катышуучулар Биринчи май РИИБге жеткирилди.
Буга чейин Профсоюздар федерациясынын кеңеши төрага Мирбек Асанакуновду кызматынан четтетүүнү чечишкен. Ал эми Асанакунов бул чечимди мыйзамсыз деп эсептейт.

Количество просмотров: 228