• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Салымбековдун Кытайга берген жардамы сынга алынды. Өткөрүү пункттарында көзөмөл күчөтүлдү

5 Бирдин айы 202014:04 Бишкек Govori.TV

ӨТКӨРҮҮ ПУНКТАРДА КӨЗӨМӨЛ КҮЧӨДҮ

Коронавирус дартына байланыштуу Кыргызстандагы бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарында алдын алуу чаралары күчөтүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин бүгүн, 5-февралдагы билдирүүсү боюнча, карантиндик зоналар толугу менен даяр.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаковдун айтымында, «Манас» эл аралык аэропортундагы санитардык-карантиндик пунктта, саламаттыкты сактоо мекемелеринде атайын палаталар даярдалды. Ошондой эле өлкөнүн аймагында бул дартты алдын алууга, лабораториялык изилдөөлөргө керектүү материалдар жана дарылоодо зарыл болгон дары-дармектер жетиштүү.

ВИЦЕ-ПРЕМЬЕРГЕ АЙЛЫК МААНИЛҮҮ ЭМЕС

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун мурдакы башчысы Эркин Асрандиевдин кантип 10 эссе аз айлык акы үчүн иштөөгө макул болгонуна Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов кызыкты. Ал бул тууралуу бүгүнкү отурумда айтты.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, мындайда айлык акы маанилүү эмес. Бирок, өкмөт башчысы вице-премьер-министрлердин айлык акысын ачыктаган жок. Ал эми орун басарларын көп эмес деп эсептейт.

Эскерте кетсек, Эркин Асрандиев вице-премьер-министр кызматына көрсөтүлүүдө. Ал эми Замир Аскаров ӨКМди

 САЛЫМБЕКОВ КЫТАЙГА ЖАРДАМ БЕРЕТ

Дордой» ассоциациясынын негиздөөчүсү, белгилүү ишкер Аскар Салымбеков «биздин коңшу Кытай элинин башына оор иш түшүп турганда ар кандай ушактарга жол бербей, достук мамилени көрсөтүү менен сабырдуулукка чакырам», деп «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Ал Кытайга жөнөтүү үчүн 50 миң маска алып, Кыргыз Республикасынын ӨКМне тапшыруу чечимин кабыл алды.

Буга чейин кыргыз өкмөтү Кытайдагы вируска байланыштуу абалды жөнгө салыш үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр экенин маалымдаган.

Социалдык тармактарда ишкердин Кытайга жардам берүү ниетин сындагандар бар. Алар Кыргызстандын өзүндө медициналык беткап жетишпей жатканын айтып жатышат.

Количество просмотров: 150