• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Санитардык эрежени сактабаган өкмөт. Таажы илдетинен өлкөдө 31 адам көз жумду

18 Кулжа 202014:06 Бишкек Govori.TV

Уйгурларга кысым көрсөткөнү үчүн Кытайга санкция жарыяланат

АКШнын президенти Дональд Трамп Шинжаң уйгур автономиялуу аймагында мусулмандардын куугунтукталганы үчүн жогорку кызматтагы аткаминерлерге санкция салууга жол ачкан мыйзам долбооруна кол койду. Трамптын билдирүүсүндө Кытай бийлиги адам укуктарын бузуп – уйгурларды атайын лагерлерге жайгаштырып, алардын улуттук жана диний көз караштарын өзгөртүүгө мажбурлаганы айтылат. Президент 120 күндүн ичинде санкция салына турган кытай чиновниктеринин аты-жөнүн жарыялат.

Кыргызстанда дагы 95 адамдан коронавирус аныкталды

Бүгүн, 18-июнга карата Кыргызстанда дагы 95 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталып, алардын ичинен 14 адам медицина кызматкерлери болуп чыкты. Ал эми жугузуп алгандардын жалпы саны 2657 адамга жетти. Акыркы суткада 32 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Пандемия башталгандан тартып каза тапкан адамдардын саны Кыргызстан боюнча 31 адамга жетти.

Босого чекти 7 пайызга төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору каралды

 Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорун Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Азиз Турсунбаев, Кубанычбек Нурматов башында турган 21 депутат демилгелеген. Эске салсак, Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети пайыз болуп, 2017-жылы тогуз пайызга көтөрүлгөн.

Санитардык эрежени сактабаган өкмөт

Мурдагы премьер–министр Мухамедкалый Абылгазиевдин Кубатбек Бороновго ыйгарым укукту өткөрүп берүү салтанатынын видеосу өкмөттүн расмий баракчасына жарыяланган. Анда көрүнүп тургандай иш-чаранын катышуучулары санитардык эрежелерди такыр эле сакташкан эмес. Күн сайын Кыргызстандыктарга бет кап кийүүнү жана аралык тартибин сактоону талап кылган, болбосо штраф салынат деп коркуткан Кубатбек Боронов жана өкмөттүн кызматкерлери социалдык тармактарда сынга алынып, учурда талкуунун илеби тарай элек.

Количество просмотров: 115