• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: СOVID-19 илдети дагы 205 адамга жукту. Боронов тез жардам унааларын көбөйтүү керектигин белгиледи

22 Кулжа 2020 14:48 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда вирус жуктуруп алган туристтерге 3000 доллар кенемте төлөнөт

Өзбекстанда вирус жуктуруп алган туристтерге 3000 доллар кенемте төлөнөт. Бул тууралуу токтомго 19-июнда президент Шавкат Мирзиёев кол койгон. Системанын алкагында Коопсуз туризм фонду түзүлөт. Ага Антикризисттик фонддон 20 млрд сум же болбосо 2 млн доллар бөлүнөт. Саламаттык сактоо улуттук палатасынын төрагасы Равшан Изамов жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтер коопсуз аймакта жүргөнүнө ишенимдүү болушу керек экенин билдирди. Соңку маалымат боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктурган кишилердин саны 6025ге жетти, алардын 19у көз жумган.

Боронов: Тез жардам унааларынын санын көбөйтүү зарыл

Ооруканалар бейтаптарды кабыл албай жаткандыгы тууралуу маалымат тарап жатат. Азырынча мындай көрүнүштөр сейрек. Бирок абалдын начарлап кетүү ыктымалдыгына даяр болушубуз керек. Медициналык тез жардамдын ишин координациялоо зарыл. Ооруп жаткан адамга чыгып жаткан ар бир дарыгерлер тобу корнавирус инфекциясы аныкталган учурда бейтапты кайда жайгаштыруусун так билүүсү керек», – деп билдирди премьер-министр Кубатбек Боронов. Ошондой эле тез жардам унааларынын санын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.

Сибирде калган кыргыз студенттер кайрылуу жолдошту

Сибир федералдык округунда окуп жаткан студенттер Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана өкмөт башчыга видео кайрылуу жолдошту. Студенттердин айтымында, алар окуган окуу жайдагы чет элдик студенттердин баары өз мекендерине кайтышкан. Биз дагы Кыргызстанга кеткибиз келет. Мекенибизге жетип алууга шарт түзүп берүүңүздү өтүнөбүз – деп айтылат кайрылууда.

Тез тамактануучу жайдын ижарачысы 2 айга камалды

Бишкек шаарынын 6-кичи районундагы өрт чыккан «Шаурма на мангале» тез тамактануучу жайынын ижарачысы СИЗО-1 мекемесине камакка алынды. Бул тууралуу Govori.TVга Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан 17-июнда 1989-жылы туулган Э.Б. 2 айга тергөө абагына камалган. Эске салсак, 15-июнда Сухэ-Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тез тамактануучу жайда жарылуу болуп, анын кесепетинен өрт башталган. Өрттөн дарыкана, дүкөн жана тиричилик жабдыктары жабыркаган. Ошондой эле өрттүн кесепетинен бир адам көз жумган.

СOVID-19 инфекциясынын жаңы 205 учуру катталды

22-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 205 учуру катталса, алардын 26сы медициналык кызматкерлер экени тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Анын айтымында суцтка ичинде 3 бейтап каза тапкан жана ошол эле учурда 10 бейтап айыгып чыгарылган.

Количество просмотров: 230