КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ
Кыргызстанда коронавирус жуккан 23 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 9-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Бир сутка ичинде коронавирус жуккан 47 жаштагы аял каза болду. Ошол эле учурда 38 бейтап айыгып чыкты. Жалпысынан 18-марттан 9-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2055 адамдан табылды, алардын ичинен 24 бейтап кайтыш болду, 1483 бейтап айыгып кетти.
ТАЛАСТА МЭРИЯ КЫЗМАТКЕРИ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ
ПЕРЕБИВКА
Талас мэриясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Талас мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси, 1991-жылы туулган Ш.у.К. пара алып жаткан учурунда кармалган. Кармалган кызматкер муниципалдык жердин ижара мөөнөтүн узартуу үчүн жеке ишкерден акча каражатын талап кылган. Кармалган адам Талас облустук ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилип,тергөө иштери жүрүүдө.
МАС АЙДООЧУ 2 АЙГА КАМАЛДЫ
Бишкекте унаасы менен күзөтчүнүн кабинасын сүзүп, андан соң кызматкерге кол көтөргөн айдоочу 2 айга камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарган. Маалыматка ылайык, айдоочуга “бейбаштык” беренеси менен иш козгогон. Ал эми Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кармалган айдоочу 30 жашта экенин, анын унаасынан тапанча огу менен жана бычак табылганын кошумчалаган.
БААТЫРБЕКОВ МАНДАТЫН ТАПШЫРАТ
Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмаз Баатырбеков мандатын өз каалоосу менен тапшыра турганы белгилүү болду. Анын ордун партиянын тизмесиндеги кийинки талапкер катары Бейшенаалы Нурдинов ээлеши мүмкүн. Депутаттын арызын БШК бүгүн, 9-июнда карайт. Мындай чечим 2020-жылы күзүндө боло турган парламенттик шайлоого даярдык менен байланыштуу.