• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Соңку жаңылыктар: УКМК жыландын уусун саткандарды колго түшүрдү. Чүйдө жол кырсыктан 3 киши каза тапты

16 Баш оона 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖОЛ КЫРСЫКТАН 3 АДАМ КАЗА БОЛДУ

Чүй облусунун Кемин районундагы жол кырсыгынан 3 адам каза болду. 15-августта болжол менен саат 16:30 чамасында Бишкек –Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайында эки жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Натыйжада 3 жаран каза болуп, 6 жаран ооруканага жеткирилген. Азыркы учурда тийиштүү материалдар чогултулуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

ЖЫЛАНДЫН УУСУН САТКАНДАР КАРМАЛДЫ

УКМК күчтүү уулуу заттын (“Gurza – vipera Leberetna turaniga”) ири партиясын сатууга аракет кылгандарды кармады. Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин «Сатуу максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Маалыматта айтылгандай, Ала-Бука районунун Ала-Бука айылынын аймагында аталган заттын 500дөн ашык ампуласын (1 ампула 5 г) сатып жаткан жеринен 1 чет мамлекеттин жараны жана 3 Кыргызстандын жараны кармалган. Такталгандай, күчтүү жыландын уусунун партиясы коңшу мамлекеттердин биринен Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алынып келингендиги аныкталган. Кармалган зат фармакологияда жана медицинада, ошондой эле синтетикалык дарыларды өндүрүүдө колдонулат. 1 грамм гюрза уусунун баасы көмүскө базарларда 300дөн 600 АКШ долларына чейин бааланат. Кармалгандар КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

КАФЕДЕ МУШТАШКАНДАР МИЛИЦИЯГА ЖЕТКИРИЛДИ

Бишкек шаарындагы кафелердин бириндеги мушташ боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 3-август күнү милицияга жаран арыз жазып, Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде саат 23:00 чамасында белгисиз адамдар коомдук тартипти бузуп, күч колдонуп, денесине залал келтиргендигин билдирип, чара көрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, тергөө иштери башталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө милицияга 3 шектүү жеткирилген. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында бардык зарыл экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгында тиешеси бар адамдардын аракеттерине тийиштүү юридикалык баа берилет. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 80