• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Улуттук гвардиянын аскерлеринен коронавирус чыкты

12 Кулжа 2020 14:14 Бишкек Govori.TV

COVID-19: АКЫРКЫ АБАЛ
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 37 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 12-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Алардын эң көбү Бишкек шаарында. Коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 38 бейтап айыгып чыкты. Жалпысынан өлкөдө коронавирус 2166 адамдан табылды, алардын ичинен 26 бейтап кайтыш болду, 1668 бейтап айыгып кетти.

УЛУТТУК ГВАРДИЯНЫН ЖООКЕРЛЕРИНЕН COVID-19 ТАБЫЛДЫ

Улуттук гвардиянын аскерлеринен коронавирус аныкталды. Маалыматты башкы штабдан ырасташты. Маалыматка ылайык, вируска чалдыккандар менен байланышта болгондордун баары обсервацияга жаткырылган. Вирусту жуктуруп алган аскерлер Жеңиш парадына катышмак. Бирок илдетти жайылтпоо үчүн Москвада өтө турган парадга резервдеги топ бара турганы айтылды. Москва шаарында өтүүчү Жеңиш парады 24-июнда орун алат.

КӨП КАБАТТУУ ҮЙДӨН КУЛАГАН ЖИГИТ КАЗА БОЛДУ

Бишкекте толук курулуп бүтө элек сегиз кабаттуу үйдөн 22 жаштагы жигит кулап кетип каза болду. Бул тууралуу Ленин райондук ИИБ маалымдады. Окуя тууралуу маалымат Ленин РИИБине кечээ, 11-июнда болжол менен саат 14:51де келип түшкөн. Анда белгисиз адам шаардагы Масалиев көчөсүндөгү курулушу аяктай элек көп кабаттуу үйдөн кулап түшкөнү айтылган. Милиция кызматкерлери күбөлөр аркылуу 1998-жылы туулган жигит 8-кабаттан кулап кеткенин билишкен. Ал ошол имаратта курулушчу болуп иштеген. Курулушчу жигит бийиктиктен кулаганда алган жаракатынан улам жеринде көз жумган. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

АЛДАМЧЫЛЫККА ШЕКТЕЛИП 19 ЖАШТАГЫ КЫЗ КАРМАЛДЫ

Бишкек шаарында бир адамдын 1,6 млн сомдон ашык акчасын алдап кеткен он тогуз жаштагы кыз алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка караганда, 12-июнь күнү шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Жабырлануучунун айтымында, өздөрүн «Форекс» биржа компаниясынын кызматкерибиз деп тааныштырышкан жаш кыз менен анын жигити кирешенин 40-50 пайызын берүүнү убадалап, терминал аркылуу анын 1 млн 615 миң 900 сомун алып, качып кетишкен. Аталган факты Жазык кодексиндеги 204-берене (“Алдамчылык”) менен кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Бул кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган кыз кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен эки айга камалган. Ал эми анын шериги кылмыш ишине күбө катары суралууда.

Количество просмотров: 109