• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Вице-премьер-министрликке Асрандиевдин талапкерлигин сунушталды. Жекшенкуловго кошумча кызмат берилди

4 Бирдин айы 202014:17 Бишкек Govori.TV

АСРАНДИЕВДИН ТАЛАПКЕРЛИГИ ВИЦЕ-ПРЕМЬЕРЛИККЕ СУНУШТАЛДЫ
Премьер-министр Мухаметкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер комитетине вице-премьер-министрлик кызматка Эркин Асрандиевдин талапкерлигин карап көрүүнү сунуш кылды.
Өкмөт башчы Асрандиев өкмөттүн финансы-экономикалык маселелерине толугу менен жооп берерин, муну менен биринчи вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго жүктөлгөн милдеттердин бир бөлүгү алынарын билдирди.
Анын айтымында, Разаков чек ара маселелерин чечүүгө көңул бурат, ал эми коңшулар менен экономикалык карым-катыш, алака маселесин, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрү менен мамилени чечүү вице-премьер-министрге, тагыраагы Эркин Асрандиевге жүктөлөт.
Өкмөт башчынын маалыматына караганда, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров 3-февралда кызматынан бошотууну өтүнгөн арыз менен президентке кайрылган. Премьер-министр Аскаровдун талапкерлигин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине сунуш кылган.
Эркин Асрандиев учурда Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун жетектейт.


ЖЕКШЕНКУЛОВ ЖАҢЫ КЫЗМАТКА ДАЙЫНДАЛДЫ
Аликбек Жекшенкулов Грециядагы жана Черногориядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
“Россия Федерациясындагы жана Армения Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жекшенкулов Аликбек Джекшенкулович Россия Федерациясынын Москва шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Греция Республикасындагы жана Черногориядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды”,-деп жазылат маалыматта.


10 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ УНАА СҮЗҮП КЕТТИ
Нарын шаарынын Городок аймагынан 10 жашар кызды унаа өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын басма сөз катчылыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ 3-февралда саат 15:20 чамасында катталган. Нарын шаардык милициясына Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын тез жардам бөлүмүнөн кабар түшкөн.
Ыкчам тергөө тобу барган учурда күн чыгыштан күн батышты көздөй бара жаткан 1987-ж.т. У.М өзүнүн башкаруусунда “Фольксваген-венто” үлгүсүндөгү автоунаасы менен Нарын шаарынын тургуну 2010-жылы туулган Ы.к.Д сүзүп алган. Натыйжада Ы.к.Д Нарын ОБОнун кайра жандандыруу бөлүмүнө алып барган учурда ал алган жаракатынан улам каза болгон.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Кырсык болгон жердеги видеонуу окурман Элдик медиага жөнөткөн.
Видеодо көрүнүп тургандай, окуучу кыз маршруткадан түшүп жолдон өтүүгө чуркап чыккан учурда, жеңил автоунаа кызды байкабай сүзүп кеткен.

Количество просмотров: 105