• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Ызгаардуу суук качанкыга чейин созулат? Курсант кызды өлтүрө сүзгөнгө шектүү кармалды

13 Үчтүн айы 2023 14:24 Бишкек Govori.TV

ЫЗГААРДУУ СУУК КАЧАНКЫГА ЧЕЙИН СОЗУЛАТ?

Кыргызстанда ызгаардуу суук болжол менен 17-январга чейин созулат. 19-20-январда абанын температурасы бир аз жогорулашы күтүлөт.

Синоптиктердин маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 12-январда түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

13-18-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

ЖАРАНГА БЫЧАК САЙГАН ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринде жаранга бычак сайганга шектүү катары 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл 3-январда милицияга Н.Н. аттуу жаран кайрылып, 2-январда Чыгыш-5 кичирайонундагы түнкү клубдардын биринде белгисиз адам кайым айтыш учурунда көкүрөк тушуна бычак сайганын билдирген. Шектүү окуя болгон жерден жашырып кеткен.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Б.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды»,-деп айтылат маалыматта. Учурда иликтөө иштери уланууда.

КЫЗДЫ СҮЗҮП КЕТКЕН АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ

Бишкекте 19 жаштагы ИИМ Академиясынын курсантын өлтүрө сүзгөнгө шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-январда болжол менен саат 07:10 чамасында айдоочу Жибек-Жолу проспектиси менен күн чыгышты көздөй бара жатып, Республика көчөсүнүн кесилишинен 1998-жылы туулган У.А. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып, белгисиз тарапка качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган.

Бул факты боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Тойота үлгүсүндөгү унаанын 1974-жылы туулган айдоочусун кармалды.

Количество просмотров: 6320