• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: «Жаңы» Конституция талкууга коюлду. Коронавирус дагы 5 адамдын өмүрүн алды

18 Жетинин айы 2020 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ ТАЛКУУГА КОЮЛДУ
«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» жаңы мыйзам долбоору (жүктөө) коомдук талкууга коюлду. Аны Жогорку Кеңештин 80 депутаты сунуштап жатат.
Ошондой эле депутаттар Конституцияны өзгөртүү үчүн референдумду президенттик шайлоо күнү – 2021-жылдын 10 январында өткөрүүнү сунуштап жатышат.
Белгилей кетсек, 17-ноябрда парламенттин расмий сайтына Жогорку Кеңештин 80 депутаты тарабынан демилгеленген Конституциянын жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Кыргызстандын Баш мыйзамын өзгөртүү боюнча саясатчылар, активисттер каршы пикирлерин айтып баштады.
КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 18-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен беш киши каза болду. Көз жумган бейтаптар Бишкек шаарынын жана Талас, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тургундары болчу.
Жалпысынан көз жумгандардын саны 1212 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 425 адамдан табылды. Алардын эң көбү Чүй облусунда (117) жана Бишкек шаарында (110). Оору жуккандардын жалпы саны 67 894 кишиге жетти.
Бир күндө 531 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3136 адам жатат, дагы 3980 бейтап үйдөн дарыланууда. Соңку суткада дагы 14 медицина кызматкеринен корнавирус аныкталды.
ТЕРМИНАЛДАН АКЧА УУРДАГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
Терминалдан акча уурдоого шектелген адам үй камагына чыгарылды, деп билдирди бүгүн, 18-ноябрда Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы.
Уурулук 6-11-ноябрь аралыгында жасалган. Логвиненко көчөсүндө жайгашкан банктагы терминалдан 996 миң 690 сом жана 2615 доллар уурдалган болчу.
Банктын өкүлү милицияга 12-ноябрда кайрылып, Биринчи май РИИБдин кызматкерлери уурулук беренеси менен шектүүнү кармашкан. Шектүү — 1986-жылы туулган Т.М. 888 миң 960 сом жана 2615 долларды кайтарып бергенден кийин сот тарабынан үй камагына чыгарылды.

Количество просмотров: 104