СОЙКУЛУККА МАЖБУРЛАГАН ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ
Бишкекте өспүрүм кызды сойкулукка мажбурлаган үч аял кармалды. Бул тууралуу баш калаанын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, Ленин райондук милициясына былтыр ноябрь айында жергиликтүү тургун кайрылып, кимдир-бирөөлөр анын психикалык жактан оорулуу 16 жаштагы бөлөсүн Караколдон күчкө салып алып кетишкенин айткан.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында өспүрүм кызды Бишкекте сойкуканалардын биринде кармап турушканы аныкталды. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.
Кармалган үч аял азыр Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайында отурат.
ДАРЫГЕРГЕ КОЛ КӨТӨРҮҮ ФАКТЫСЫ ИЛИКТЕНҮҮДӨ
Милиция кечээ № 3 балдар клиникалык ооруканасында дарыгерге кол салган аялды издеп жатат. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, дарыгер укук коргоо органдарына кат жүзүндө арыз жазган. Анда баласы менен келип дарыгерди оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, денесине залака келтирген аялга карата чара көрүүнү суранган.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш башталды. Ошондой эле денеге залака келтирүү фактысы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Көп өтпөй дарагерге кол көтөргө келин да милицияга арыз менен кайрылганы айтылды. Анын айтымында дарыгер биринчи болуп, бейтапка орой мамиле жасап, телефонго тарта баштаган.
Эске салсак, Бишкектеги № 3 балдар клиникалык ооруканасында кайрадан жаңжал чыкты. Бейтап ангина менен ооруп жаткан баласын ооруканага жаткырбай койгон дарыгерге жулунуп, урушуп кирген. Окуянын видеосу соцтармакка жарыяланды.
ЭРЕЖЕ БУЗГАН АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ
20-январда жол эрежесин бузуп, тескөөчүнүн төшүндөгү камерасын жулуп алган айдоочу кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкектин Курманжан Датка жана Жалил көчөлөрүнүн кесилишинен таксист уруксаты жок жерге токтоп турган. Ал бийлик өкүлдөрүнө документтерин көрсөтүүдөн баш тартып, жаман сөздөр менен сөгүнгөн. Айдоочу унаадан түшүп, өзүнүн адепсиздигин көрсөткөн. Жакын жерде турган аялдар милициянын ишине тоскоол жаратышкандыктан, таксист качып кетүүгө үлгүргөн.
Жол эрежесин бузган жаран кечээ кармалды.