• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: ЖК төрагасы Орусияга кетти. Бала бакчада иштебеген адамдарга маяна төлөнүп келген

13 Чын куран 202313:51 Бишкек Govori.TV

ТӨРАГА РОССИЯГА КЕТТИ

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары башталды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Санкт-Петербург шаарында өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышат. Андан тышкары, ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Кошумчалай кетсек, төраганы Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Искендер Матраимов, Кундузбек Сулайманов жана Арсланбек Малиев коштоп барды.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК АЛАКАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев жана орун басары Нурбек Кадыров Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар маданият, билим берүү тармагындагы эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле “Өзбекстан Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдун алкагында Ош шаарындагы Өзбекстандын жарандары үчүн мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Марс Исаев жолугушууда эки тараптуу мамилелердин жемиштүү өнүгүп жатканын айтып, ошондой эле социалдык-экономикалык, соода-өндүрүштүк, туризм жана башка келечектүү багыттарда кызматташууну чыңдоону баса белгиледи.

Тараптар ошондой эле Бабур атындагы Ош академиялык музыкалык драма театрын капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылышын талкуулашты.

БАЛА БАКЧАДА ИШТЕБЕГЕНДЕР АЙЛЫК АЛЫП ТУРГАН

Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кара-Бак айылындагы «Кулунчак» мектепке чейинки балдар мекемесинде бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды.

КР УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган мекемеде иш жүзүндө иштебеген адамдарга эмгек акы чегерилип төлөнүп келген. Андан кийин мыйзамсыз топтолгон каражаттар мекеменин жетекчилиги тарабынан өздөштүрүлгөн.

Жогорудагы фактылар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Количество просмотров: 127