• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Журналист үй камагына алынды. Асановго дагы бир айып тагылды

21 Үчтүн айы 2020 12:56 Бишкек Govori.TV

ЖУРНАЛИСТ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ
Chyndyk.kg маалымат сайтынын редактору Турсунбек Бейшенбеков үй камагына алынды. Бул тууралуу анын жактоочусу Govori.TVга билдирди.
Анын айтымында, Биринчи май райондук соту кечээ кечинде анын баш коргоо чарасын карап, прокуратуранын Бейшенбековду үй камагына алуу боюнча сунушуна ылайык, сот аны убактылуу кармоочу жайдан чыгарган.
“Журналисттин үч кичинекей баласы бар. Улуусу 7 жашта, ортончусу 2,5 жашта ал эми эң кичүү кызына эки гана ай болгон жана ал учурда ооруп жаткан. Үй бүлөдөгү жалгыз каржы булагы болгондуктан сот аны үй камагына алууну туура көргөн”, – деди жактоочу.
Эске салсак, Chyndyk.kg маалымат сайтынын редактору Турсунбек Бейшенбеков 20-январда Аскер прокуратурасына экинчи ирээт суракка чакыртылып, андан соң 48 саатка камакка алынган.


АСАНОВГО ДАГЫ БИР АЙЫП ТАГЫЛДЫ
Ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асановго дагы бир айып тагылды. Мындай маалыматты күч органдарындагы жеке булактарына таянып 24.kg сайты жазды.
Такталгандай, Аскер прокуратурасы Асановго кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып тагылганын маалымдаган.
— Алдын ала маалыматта вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун Тажикстандын атайын кызматына кармалганы боюнча жазган түшүнүк катты Курсан Асанов журналисттерге берген деп шектелет. Документ өзгөчө сыр болгондуктан, анда ага атайын гриф коюлган. Курсан Асанов айрым маалыматтар боюнча түшүнүк катты «Чындык» гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбековго берген. Редактор аны гезитке жарыялаган. Ушундан улам, журналист азыр кылмыш жоопкерчилигине тартылууда, —деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, Курсан Асановго козголгон кылмыш иштин алкагында “Чындык” гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбеков бүгүн камакка алынды.
Редактор өзү Курсан Асанов менен эч кандай жакын тааныштыгы жок экенин айтат.


КАЙГУУЛ-КҮЗӨТ КЫЗМАТЫ БАШКА ШААРЛАРДА ДА ИШТЕП БАШТАЙТ
Ички иштер министрлиги кайгуул-күзөт кызматын башка шаарларга да жайылтуу сунушун коомдук талкууга койду. Министрликтин маалыматына караганда, аталган кызматтын ишке кирүүсү менен коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана мыйзам бузуулардын алдын алуу иштери жакшы жолго коюлган, борбор калаада кылмыштуулук 15-20% азайган. ИИМдин сунушуна ылайык, кайгуул-күзөт кызматын жалпы өлкөгө жайылтуу баскыч менен ишке ашат, бул үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын айрым бөлүктөрү жоюлат же кайгуул-күзөт кызматынын бөлүктөрүнө биригиши мүмкүн. Ошондой эле жер-жерлердеги бардык бөлүктөр түз ИИМге баш ийет.
Кайгуул-күзөт кызматы коомдук коопсуздукка, ошону менен бирге жол кыймылынын коопсуздугуна да көзөмөл кылат. Сунушталып жаткан долбоорго ылайык, иш аймактарда 1-июлдан тарта башталат.
Долбоорду ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча чыгашаны талап кылат, кызматкерлердин кийим-кече, айлык акысынан тартып, керектүү унаа, коопсуздукту камсыз кылуучу тиешелүү курал-жарактар, техникалык каражаттардын зарылчылыгы бар. Бул үчүн алдын ала эсеп боюнча 456 730 299 сом керек болот. ИИМ бул каражатты «Бузуулар кодексинде» жазылган мыйзам бузуулардан алынган айыппулдун эсебинен табууга болорун белгилөөдө.

Количество просмотров: 52