• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Түркмөн бийлиги беткап кийбеген жарандарды пахта терүүгө жөнөтүп жатат

2 Аяк оона 2020 9:56 Бишкек Govori.TV

Түркмөн бийлиги өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Марый районунда беткап кийип жүрүү эрежесин сактабаган, буга байланыштуу айып төлөй албаган жарандарды пахта терүүгө жөнөтүп жатат. Ашхабад мындан да баш тарткандар эмгек лагерлерине мажбурлап жөнөтүлөрүн эскертти. Бул тууралуу «Азаттыктын» түрмөн кызматы өз булактарына таянып жазды.

Мындай адамдардын биринчи тобу пахта талааларына 30-августта жөнөтүлдү. Маалыматка караганда, алар бир күндө кеминде 20 килограмм пахта чогултушу керек. Эгер норманы аткара албаса пахта теримге дагы келет.

Түркмөнстанда коомдук жайларда беткап тагынбагандарга 60 манат (17 доллар) айып салуу август айынан башында башталган. Бийлик оозу-мурдун чүмкөө боюнча талапты «абада чаң көбөйгөнү» менен түшүндүргөн.

Түркмөнстан — коронавирус бар экенин ырастабаган Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) мүчө жападан-жалгыз өлкө. Июль айында бийлик бардык ири соода борборлорун, базарларды, көңүл ачуучу, оюн-зоок жайларын жана кызмат көрсөткөн ишканаларды 10 күнгө карантинге жапкан. «Азаттыктын» түркмөн кызматы, эл көп чогулган жайларда адамдар ортосунда эки метрлик аралыкты сактоо талап кылынганын жазган.

Ошол учурда ооруканалар пневмония менен ооруган бейтаптарга толуп калганы, медицина кызматкерлери илдеттен көзү өткөн адамдарды моргго жеткирип үлгүрбөй жатышканы айтылган.

Количество просмотров: 66