• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Төрт дөңгөлөгү асманды карап… Ат-Башыда жол кырсыгы катталып, айдоочу жабыркады

29 Аяк оона 202011:35 Бишкек Govori.TV

Ат-Башы районунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 28-сентябрда саат 15:33тө Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды жана Баш-Кайыңды айылдарынын ортосунда болгон. Анда «БМВ-525» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Жерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, унаада кыпчылып калган айдоочуну чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 234