• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Төшүн карматып баратат» делген айым журналисттер менен жолукту

6 Бештин айы 2019 15:35 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетовдун жанында анын орун басары болушу мүмкүн делген Айнура Туйбаева SUPER.KG порталына комментарий берди.

Анын айтымында, интернетке тараган маалыматтар чындыкка дал келбейт.

«Биз ар бирибиз эс алуу күндөрү өзүбүздүн үй-бүлөбүз менен болобуз. Ал сүрөттө кыздын бети даана көрүнгөн эмес. Өзүмдө жакшылап карап көрдүм. Ар кандай маалыматтар кетип жатты. Башка кишинин, менин дагы атым аталып жатат. Бул көрүнүштү жаман деп ойлойм. Биз мамлекеттик кызматта иштеп жаткандан кийин өзүбүздү кантип алып жүрүүнү, ким менен кандай сүйлөшүү керек экенин жакшы билебиз. Бул кызматта биринчи жылы иштеген жокмун. Мен үч жылдан бери Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп келем. Алмаз Мамбетов менен апрель айында эле чогуу иштешип баштадык. Буга чейин деле мамлекеттик кызматтарда иштегем. Ошондуктан бул сөздөр атайын айтылууда. Интернетте айтылган сөздөр чындыкка дал келбейт. Бул нерсени атайын буйрутма деп айтсак болот. Кызматта иштеп жаткандан кийин үч жылдан бери салымыбыз көп, калыптанып калган нерселерди жок кылганга ар кандай иш-аракеттер жасалат экен. Мен тууралуу маалыматты жарыялаган сайт эл алдында кечирим сурашы керек. Же болбосо ойлонуп, сот органдарына кайрылабыз. Менин атым аталып жатканын көрүп күлдүм. Өзүңүздөр көрүп тургандай жакынкы арада мен декретке чыгам. Буга чейин эле декретке чыгышым керек эле, жумуштар көп болуп, дагы 2-3 аптадай иштейм», — деп билдирген Туйбаева.

Количество просмотров: 34805