• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Текебаев АКШнын элчиси менен жолукканын ырастады

19 Бештин айы 201916:48 Бишкек Govori.TV

Мен акыркы айларда АКШнын элчиси менен эле эмес, Кырыгызстандагы башка мамлекеттердин элчилери менен дагы ар кандай иш-чараларда жолугуп, сүйлөшүп турам. Бул тууралуу саясатчы Өмүрбек Текебаев Aryba.kg сайтына берген маегинде билдирген.

АКШнын учурдагы  элчиси Дональд Лу мырза менен 14 жылдан бери таанышпыз. Биз жакында бир иш-чарада кокусунан жолугуп калып, ал-акыбалды сурашып, анан ал “башыңыздан далай окуялар өттү, көптөн бери жолугуша элекпиз, бир жолугуп сүйлөшсөк болот эле?” дегенинен, элчиликтеги анын кабинетине бардым. Жолуктук, өзүм жөнүндө, үй-бүлөм жөнүндө, анан Кыргызстандагы жана  дүйнөдөгү кырдаал тууралуу пикир алмаштык. Бул нормалдуу, кадимки эле жумушчу көрүнүш,-деген Текебаев.

Мындан сырткары, ал социалдык түйүндөрдө жарык көргөн сүрөттө кыргызстандыктар уюштурган башка эле бир иш-чарадан чыгып бараткандыгын айткан.

Ал менин элчиликтен эмес, кыргызстандыктар уюштурган башка эле бир иш-чарадан чыгып бараткандагы сүрөтүм. Ал таптакыр башка күнү болгон. Мен элчи менен жолугушканда кара костьюм кийип, галстук тагынып баргам. Ал эми сүрөттүн өзүнүн интернетке чыгышы – менин  артымдан атайын кызматтар бүгүнкү күнгө чейин акмалап, көзөмөл салып, байкап жүрүшкөндүгүнөн кабар берет,-деген Текебаев.

Ал эми жарыяланган төмөндөгү сүрөттөр фотошоп экенин кошумчалаган.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Текебаев “АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу менен жолугуп, батышчыл болгусу келип жатат деген сыяктуу түрдүү маалыматтар тараган.

Количество просмотров: 2883