• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Текебаев: Болот Шердин иликтөөсү Парламенттин аброюн көтөргөн. Анда эч ким Жогорку Кеңешти чимкирик деп атай алчу эмес

23 Кулжа 2020 12:44 Бишкек Govori.TV

Болот Шердин иликтөөсү парламенттин аброюн көтөргөн. Анда эч Жогорку Кеңешти чимкирик деп атай алчу эмес. Бул тууралуу саясатчы Өмүрбек Текебаев 23-июнда Болот Шерди акыркы сапарга узатуу зыйнатында сөз сүйлөп жатып билдирди.

«Бокемдин Кыргыз мамлекетинин куруудагы орду эбегейсиз чоң. Бокем депутаттык иликтөөнүн классикалык үлгүсүн көрсөттү. Бакиевдин кезинде «Матрёшка гейт» деп мени кармаганда, ал 6 саатта кылмыштын бетин ачкан. Ошон үчүн ал кезде парламент абройлуу болгон. Анда эч ким парламентти чимкирик деп атай алчу эмес. Анткени падышасы болобу баарына Боке бетине айтып отурган. Атамбаевдин убагында Батукаевди качырганда иликтөө жасады. Эл билбеген документтерди тапкан. Бокем 2005-жылы, 2010-жылы революциядан кийин өлкөдө тынчтык орношуна салым кошкон»,-деди Текебаев.

Количество просмотров: 184