• Ишенби 5 Бештин айы 2020

Текебаев: Убактылуу болсо дагы төраганын милдети чоң

4 ноября 2020 в 20:50 Бишкек Govori.TV

Мамытовго «досуңуздун креслосун кайтарып туруш үчүн эмес, мыйзамдуулуктун сакчысы болгону келип жатасыз» деп айттым. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноярбрда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев “Жалбырак ТВ” каналында суроолорго жооп берип жатып билдирди.

“Мен Талант Мамытовго «досуңуздун креслосун кайтарып туруш үчүн келбегениңизди түшүнүшүңүз керек» деп айттым. Себеби, «президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ордуна өзү ишенген адамды калтырып кетип жатат» деп ойлоп жатышат. Кыргызстандын алдында шайлоодон башка да көп маселе бар. Парламент – азыр жападан-жалгыз легитимдүү орган. Мамытов спикер, ага кошумча январдын аягына чейин президенттин милдетин аткаруучу болуп калат. Андыктан бүгүнкү кырдаалда парламент башчысынын милдети абдан чоң”,-деди Текебаев.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 4-ноябрдагы жыйынында төрага алмашып, Талант Мамытов спикер болуп шайланды. Анын талапкерлигин «Республика – Ата Журт» фракциясы көрсөтүп, 100 депутат «макул», бир депутат «каршы» добуш берди. 

Количество просмотров: 256