• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Текебаевдин жактоочусу сотто күбөлөр эмне тууралуу айтып беришкенин айтты

1 Тогуздун айы 2019 13:52 Бишкек Govori.TV

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралып, кийинки отурум 17-октябрга жылдырылды.

Жактоочунун айтымында, соттук отурумга 20дан ашык күбө чакырылган, ал эми бүгүн 8 күбө гана суралганга жетишти. Ал эми кийинки отурумда күбөлөрдү суроо улантылат.

Эске салсак, жактоочу тарабынан 2010-жылдын 13-майында Чотонов Ошто болгонун тастыктоо үчүн сотко күбө катары ошол учурда ИИМ башчысынын милдетин аткарып турган Бакыт Алымбековду, экс-губернатор Мамасадык Бакировду, Чотоновдун жан сакчысы Тынчтык Аметовду, авиакомпания өкүлү Татьяна Пинчукту, президенттик аппараттын мурдагы кызматкери Сатымгүл Бактаеваны, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду, парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовду, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исмаил Исаковду, вице-спикер Асия Сасыкбаеваны жана башкаларды, жалпысынан 13 адамды чакыруу өтүнүчүн келтирди.

Количество просмотров: 283