• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Темирлан Султанбеков кыйноого кабылганын айтып чыкты

13 Тогуздун айы 2020 19:36 Бишкек Govori.TV

«Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү, эки айга камалган Темирлан Султанбеков кармоо учурунда сабалганын жана кыйноого кабылганын билдирди. Ал бул тууралуу 12-октябрда Кыйноого каршы улуттук борбордун мүчөлөрү менен жолугушууда билдирген.

Кыйноого каршы улуттук борбордун сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, Султанбековду Кой-Ташта кармоо учурунда каршылык көрсөтпөгөнүнө карабай, милиция кызматкери тээп жиберген. Ал эми Бишкек ШИИБинин убактылуу камоочу жайына киргизип жатып, кыйноого туш болорун айтып коркутушкан.

Темирлан Султанбеков Бишкектеги акыркы массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрь күнү Кой-Ташта кармалган. Ал 11-октябрдан тартып ачкачылык жарыялаганын 12-октябрда Биринчи май райондук сотуна келгенде да журналисттерге айткан. 12-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Султанбековду эки айга камоону чечип, Султанбеков Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган.

Количество просмотров: 287