Бүгүн, 2020-жылдын 20-январында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына Алтынчы саясий департаменттин жаңы Директорун – Омуралиев Эрмек Социаловичти тааныштырды.
КР ТИМдин Алтынчы саясий департаменти – 2019-жылы, экономикалык дипломатияны натыйжалуу илгерилетүүнү жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн.
Маалымат үчүн: Омуралиев Э.С. Жакынкы Чыгыш Техникалык Университетинин экономикалык жана административдик илимдер факультетин (2000-ж, Анкара ш.) аяктаган. Буга чейин КР ТИМ түзүмүндө, анын ичинде, борбордук аппаратта жана КРнын Турциядагы Элчилигинде түрдүү кызмат орундарда эмгектенип келген (1995-жылдан тартып). 2015-2020-жж. аралыгында КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жарандык авиация Агенттигинин Директору кызматында, ошондой эле бизнести өнүктүрүү чөйрөсүндө эмгектенген. Түрк жана англис тилдерин билет.