Тоң районунда жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 2 эркек адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 30-июнь күнү Бөкөнбаев айылынын Кум-Дөбө тилкесинде УАЗ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 адам (1 аял киши жана 1 жаш бала, аты-жөндөрү такталууда) каза болуп, 2 эркек адам (аты жөндөрү такталууда) жабыркаган.
КР ӨКМнин №38 ӨКБ куткаруучулары каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандарды тез жардам кызматы райондук ооруканага жеткирген.