• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Япония Кыргызстанга 2,9 млн доллар грант бөлөт

15 Баш оона 2020 9:32 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Япониянын ортосунда 2,9 миллион долларлык грант келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал акча каражатты Япония тарап берип, «Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялык программасы» долбооруна жумшалат.

«КРдеги мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелеринин кадрлары даярдалып, кыргызстандыктар Япониянын эл аралык университеттеринде магистратура жана докторантурада билим алууга мүмкүнчүлүк алат. Окуу коомдук башкаруу, эл аралык мамилелер, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, экономика, айыл чарба жана экологиялык саясат сыяктуу чөйрөлөргө каралган», — деп жазылган билдирүүдө.

Чет өлкөдө окуй тургандар сынак аркылуу тандалып, талапкерлердин академиялык жөндөмдүүлүгү эске алынат.


Долбоор ишке ашырыла баштагандан бери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин арасынан 210 адамдан турган  стипендианттардын 13 тобу жөнөтүлгөн. Учурда 20 адамдан турган 14-топ түзүлгөн, алардын  18и  магистрдик, экөө доктордук программаларга жөнөтүлөт.

Количество просмотров: 44