Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкек мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын 4 жетекчилик кызматында иштеген кызматкерди кармады. Бул тууралуу каржы полициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кармалган адамдардын үстүнөн мамлекеттик сатып алууларда “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматынын билдирүүсүнө караганда Бишкек мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку жетекчиси Н.Б., жетекчинин орунбасары М.У. жана азыркы тапта иштеп жаткан И.А. аттуу кызматкери жана жеке компаниянын А.К. аттуу жаран кармалып, баары Бишкектеги №1-СИЗОго камалган.
Бул арада Bars.Media сайты Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматындагы өздүк булактарына таянып, кармалгандардын бири жеке коммерциялык уюмдун өкүлү, ырчы Айбек Карымов экенин жазды.